• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Атада жигит менен кыз жайлоодо 40 жаштагы жаранды тоноп кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Ысык-Атада жайлоодо 40 жаштагы жаранды карактап кеткен кыз менен жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, ушул жылы 16-августта Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда белгисиз эркек киши менен кыз ок атуучу курал менен коркутушуп, "Самсунг" үлгүсүндөгү телефонун, 17 миң 500 сом акчасын жана өзүнө таандык болгон жарандык паспортун тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендерин билдирген.

Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде ("Каракчылык") көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бети ачылбай жаткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү болуп 1987-жылы туулган Д.А. жана 2001-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалып Ысык-Ата РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Белгиленгендей, 1987-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан аталган ок атуучу курал алынып, тергөө уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий