• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маморгандар социалдык тармактар аркылуу калктын жана бизнестин суроолоруна жооп берет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.08.22. /Кабар/. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин социалдык тармактарда жума сайын берилүүчү отчетторунун башталышы тууралуу маалымдайт.

Белгилесек, 2022-жылдын 14-июлунда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында мамлекеттик органдарга социалдык тармактарга түз чыгып, кыргызстандыктарга аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берүүнү тапшырган. Мамлекет башчы белгилегендей, мындай отчеттор аткаруу бийлик органдарынын өлкө жарандарынын алдындагы жоопкерчилигин жана отчеттуулугун арттырып, элди мамлекеттик башкаруу процессине кеңири камтууга шарт түзөт.

Төмөндө 2022-жылдын 19-августуна карата мамлекеттик органдардын жетекчилеринин «Facebook» жана «Instagram» социалдык тармактарында расмий аккаунттары аркылуу түз эфирге чыгуу графигин сунуштайбыз:

1. 09:00 – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, министрдин орун басары, полковник Урматбек Муслимович Шамырканов ӨКМ ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Токторов А. 0778-83-50-00);

2. 11:00 – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, министрдин орун басары Касейинов Кубат Үсөнкулович министрликтин жер жана суу ресурстарын башкаруу саясатына, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорго жооп берет. (жооптуу адам: Исабаева А. 0990-30-11-31);

3. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов 2022-жылдын январь-июль айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө. (жооптуу адам: Маматова М. 0550-90-01-30);

4. 15:00 - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров Калкты тейлөө борборлорунун иши, документтештирүү жана архив иши маселеси боюнча (жооптуу адам: Кыдырмышева Э. 0 509 888 011);

5. 15:00 - Социалдык фонд (жооптуу адам: Абдылдаев А. 0550 28 96).

Пикир

Оставить комментарий