• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл көлдүн балык уулоочу тилкелерине 5,7 млн чабак кое берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл көлдүн балык уулоочу тилкелерине 5,7 млн чабак кое берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бүгүн "Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасы Ысык-Көл көлүнүн балык уулоочу тилкелерин балыктандыруу максатында жашоого жарамдуу абалдагы ысык-көлдүн форель гегаркуни балыгынын 445 миң даана чабагын жана сига-лудога балыгынын 5 млн 750 миң даана чабагын кое берди.

Белгилей кетсек, "Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасына инкубациялоого сига-лудога балыгынын 19,85 млн даана уруктанган икрасы жана 720 миң даана Ысык-Көл форель гегаркуни балыгынын икрасы салынган. Икраны инкубациялоо 100-130 градус-күн созулат. Жаңыдан жарылып чыккан балыктын личинкалары жашоого жарамдуу абалга чейин өстүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий