• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл марафонунда лицензия алуу бир аз катаалга турат. Себеби

Спорт 0

Бишкек, 13.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Мелис Надыров Ысык-Көл эл аралык марафонунда жөө күлүктөрдүн лицензия алуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.

Эскерте кетсек, 2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Надыров алдыдагы марафондо Олимпиада же башка чемпионаттарга лицензия алуу үчүн нормативди аткаруу кыйынга турарын айтат.

“Нормативдин убактысы жыл сайын өзгөрүүдө. Ысык-Көл марафонуна Кениядан дагы эки жөө күлүк келгени турат. Алардын жыйынтыгы менен норматив өзгөрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө марафондун нормативи эркектер арасында 2 саат 9 мүнөт, аялдар арасында 2 саат 28 мүнөт деп коюлган. Ысык-Көлдөгү марафон деңиз деңгээлинен 1600 метр бийик жерде өтөт, бирок буга чейин мындан дагы бийик жерде өткөн учурлар бар. Бул жерде спортчунун өзүнө байланыштуу болот. Нормативди аткаруу бир аз катаал, бирок таптакыр мүмкүн эмес деп айта албайм”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, ШКУнун Run the Silk Road эл аралык марафону ушул жылдын 13-майында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Катышуучулар деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте Ысык-Көлдүн түндүк жээк тарабында жайгашкан уникалдуу трассада чуркашат. Марафондун трассасы AIMS (Марафондор жана чуркоолор эл аралык ассоциациясы) тарабынан тастыкталган. Марафон Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын (World Athletic) лейблине ээ, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу астында өтүүдө.

2021-жылдан тартып Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркайт:

  • марафон — 42 чакырым 195 метр;
  • жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;
  • 10 жана 3 чакырым;
  • 3 жана 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Мындан сырткары, 35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогоркулар дагы чуркап, демөөрчүлөр тарабынан атайын сыйлыкка ээ болушат. Марафон, жарым марафон жана 10 чакырым аралыктарда майыптыгы бар адамдарга дагы белектер каралган.

Пикир

Оставить комментарий