• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунда Баткенге гуманитардык жардам чогултуу үчүн 67 пункт ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Баткенге гуманитардык жардам чогултуу үчүн 67 пункт ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

"Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында гуманитардык жардам чогултуучу пункттар ачылды. Жолдун алыстыгына байланыштуу тез арада бузулбай турган азык-түлүктөрдү чогултууну суранабыз. Гуманитардык жардам иретинде жөнөтүү үчүн сунушталган азык-түлүктөр: кесме, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, туз, жеке гигиена буюмдары, балдар үчүн буюмдар (памперстер)", - деп айтылат маалыматта.

Гуманитардык жардам чогултуучу пункттардын даректери:

-Каракол шаары: Ч.Айтматов атындагы борбордук аянт, тел: 0755 152211, 03922 5-22-11;

-Балыкчы шаары: Социалдык фонддун имараты, тел: 0706 464664, 0705 862611;

-Ак-Суу району: Теплоключенка айылындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын имараты, 0708 187730, 0700 310688;

-Түп району: Түп айылы, Балбай спорт комплекси, тел: 0703622644;

- Тоң району: Тоң району: Кажы-Сай айылы, Жунушалиев көч.,1, тел: 0700 120714, 0709 697265;

- Ысык-Көл району: Чолпон-Ата шаары, Совет кѳчѳсү, №75, тел: 0500 050590;

- Жети-Өгүз району: Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, 194, айыл өкмөттүн имараты, тел: 0700793889;

Белгиленгендей, мындан тышкары ар бир айыл өкмөттө гуманитардык жардам кабыл алуучу пункттар ачылды.

Пикир

Оставить комментарий