• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айсулуу, Мээрим жана Айпери дүйнө чемпионатынан кайтып келишти — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунда кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданы тосуп алуу иш-чарасы өттү.

Курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Кыргызстандын күрөш федерациясынын өкүлдөрү, спортчудардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, учурдагы кырдаалдан улам атайын тосуп алуу аземинин концерттик программасы жана маалымат жыйын өткөрүлгөн жок.

Пикир

Оставить комментарий