• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө кунарсыз жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөнүн себүү боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 26.08.23. /Кабар/. 25-августта Жети-Өгүздө республикадагы кунарсыз жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү менен аларды жакшыртуу боюнча облустук семинар өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү, министрликке караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институнун өкүлдөрү, айыл өкмөт жана райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, жайыт комитетинин жана үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, ошондой эле дыйкан- фермерлер катышты.

Семинарда министрликтин адистери кунарсыз жайыттарга жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү менен жакшыртуу, үрөнчүлүк чарбаларда жайыт өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн себүүнүн агротехникасы, топурактын агрохимиялык анализи жана өсүмдүктөр үчүн биологиялык препараттардын натыйжалуулугу, минералдык жер семирткичтерди колдонуу туурасында маалымат беришти.

Эске салсак, быйыл жайыт жерлеринин деградациясын токтотуу үчүн 94 миң 490 кг жайыт үрөнү сатып алынган.

Пикир

Оставить комментарий