• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, ошондой эле райондук милициянын жетекчилиги жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милициянын ардагерлери катышты.

Облустук милиция башчысы Жумагазиев буга чейин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Боз-Учук айылындагы ар кандай административдик имараттарда иштөөгө аргасыз болуп келгенин белгиледи.

"Эми жаңы имаратта милиция кызматкерлери жарандардын кайрылууларына жана даттанууларына өз убагында чара көрүүгө, 6 айыл өкмөттүн элине кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле кылмыштуулуктун бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Жаңы милиция бөлүмчөсүндө сапаттуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап бөлмөлөр, участкалык милиция кызматкерлери менен балдар иштери боюнча инспекторлордун иш бөлмөлөрү, ошондой эле коомдук алдын алуу борборунун өзүнчө кабинети бар", - деди ал.

Белгиленгендей, имараттын курулушу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлүп, жалпысынан 2 млн сомго жакын каражат сарпталды.

Пикир

Оставить комментарий