• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө автоунаа тосмону сүзүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл районунда 7-сентябрь күнү саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка 29 жаштагы эки эркек киши кабылып, бир адам каза болгон.

Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан. Ал эми каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий