• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ысык-Көлдө браконьерлер аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык милициянын кызматкерлери эки браконьерди аныктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Тору-Айгыр айылынын көл жээгинен, жергиликтүү эки тургун мыйзамсыз балык кармагандыгын аныкташкан. Милиция кызматкерлери 34 жаштагы Б.Н. жана И. Аттуу жарандардын жанынан 26 даана Сига-Лудога балыгын табышкан

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310 (Мыйзамсыз аңчылык кылуу, же болбосо балыкты, суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) беренеси менен кылмыш иши козголду.

Экспертердин корутундусунун жыйынтыгы менен жалпы чыгым 55 миң сомду түздү.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий