• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин Самаркандек айылында 6 млн сомго спорт зал курулууда. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында заманбап спорт зал курулууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Учурда курулуш иштери 95%га аяктап калды, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом, Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 5,3 млн сом бөлүнгөн. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилери пландалууда.

Курулушу жүрүп жаткан спорт комплексинде жергиликтүүлөр волейбол, баскетбол жана спорттун бир канча түрү менен машыкса болот.

Белгилей кетсек, Самаркандек айылында жаштар үчүн спорт зал жоктугунан, алар орто мектептердин спорт залдарында сабактан кийинки убактарда, кечинде ойноого мажбур болуп келишкен.

Пикир

Оставить комментарий