• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Транспорт министрлигине 12,1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 28.11.23./Кабар/. Транспорт министрлигинин 2023-жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 10 айдын ичинде 12,1 млрд сом каржыланды. Алар:

- жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;

- битум сатып алууга 395,7 млн ​​сом;

- 346,9 млн сом кредитордук карызды жабууга;

- жабдууларды сатып алуу 1 119,4 млн сом;

- Жол фондуна 1 758,3 млн сом;

- Мамлекеттик инвестициялык программа (МИП) боюнча 5 266,4 млн сом

- Капиталдык салымдар 1 445,8 млн сом.

Бүгүнкү күндө калдык 3,6 млрд сомду түзөт.

Каралган каражаттардын алкагында 2023-жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:

- 1332,0 млн сом суммасында жол куруу техникасын сатып алууга;

- 30 миң тонна өлчөмүндө битум сатып алуу;

- учурдагы бюджет боюнча 249,6 км жолду асфальттоо;

- "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каржыланган объектилер үчүн 188,8 км жолду асфальттоо.

Белгилей кетсек, коюлган милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында КР министрлер кабинети тарабынан Жол фонду түзүлүп, анын негизинде 2022-жылдын май айынан баштап иш-чараларды каржылоо Жол фонду тарабынан жүзгүзүлө баштады.

Пикир

Оставить комментарий