• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда баңгизат колдонгон 8,5 миң жаран бар, анын 7 пайызы аялдар

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда баңгизат колдонгон 8,5 миң жаран бар, анын 7 пайызы аялдар. Бул тууралуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Жылдыз Бакирова Борбордук Азияда баңгизаттардын жайылышын алдын алуу программасынын (CADAP) 7-фазасын ишке ашыруунун алкагында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын статисткалык так саны жок, анткени аларды эки топко бөлүп караса болот:

-баңгизат колдонгондор;

-ага көз каранды болгондор.

“Республикалык психиатрия жана наркология борбору бир гана баңгизатка көз каранды болгон адамдар менен гана иш алып барат. Буга байланыштуу баңгизат менен ооругандардын эсебин жүргүзүүдө көйгөйлөр бар”, - деди ал.

Бакирова басары ошондой эле Борбордук Азиядагы баңгизаттын алдын алуу программасынын (CADAP) 5-6 фазасынын алкагында баңгиге көз каранды болгон бейтаптарды дарылоо боюнча так протоколдор жана көрсөтмөлөр бар экенин белгиледи.

“Мындан тышкары, программанын алкагында 4 негизги багыт боюнча иш аткарылган. Мыйзам чыгаруу жана баңги саясаты, көз карандылыкты дарылоо, мониторинг жана алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү”, - деди Бакирова.

Пикир

Оставить комментарий