• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө дайынсыз деп изделген казакстандык жаран окуянын чоо-жайын айтып берди

Коом 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Ысык-Көлдө жоголду деп изделген казакстандык жаран окуянын чоо-жайын айтып берди.

Белгилей кетсек, 14-июль күнү ал жаран скутерди ижарага алып, сууга айдап кетип, кийинчерээк дайынсыз деп издөөгө алынган. Кечээ, 16-июль күнү болжол менен саат 22:00дө ал жаран Алтын-Көл эс алуу жайына өзү келген.

Ысык-Көл райондук милиция билдиргендей, бүгүн, М.А. аттуу казакстандык жаран милиция бөлүмүнө чакырылган.

Казакстандык туристтин айтымында, ал скутерди ижарага алып, сууда жүргөндө скутердин майы түгөнүп калган. Ошентип, ал эки күн суу үстүндө жүргөн. Андан кийин скутер чөгүп, ал көлдүн түштүк жээгине сүзүп чыккан.

Суудан чыгып, жолдон өткөн унааларды тосуп өзү турган "Алтын-Көл" эс алуу жайына келген.

Учурда милиция кызматкерлери ал жаран берген көрсөтмөлөрүн текшерүүдө.

Ошондой эле, скутердин ээсинен келип түшкөн арыз да каралат.

"Казакстандын жаранынын көрсөтмөсү боюнча текшерүү жүрөт. Тараптар айткан жүйөлөр текшерилип, юридикалык баа берилет", - деп билдиришти милиция кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий