• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форуму өтүп жатат

Экономика 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бишкекте «Кыргызстан - Түштүк Корея» бизнес-форуму өтүп жатат. Иш-чара Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган.

Бизнес-форумдун негизги максаты - бизнес жаатында Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда өз ара жакшы алакаларды түзүү. Эске салсак, 2018-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик 20 млн. АКШ долларын түзгөн. Азыркы учурда мамлекеттер инвестициялык алакаларды кеңейтүү жана товарлардын экспорт жана импортун 100 млн. АКШ долларына чейин жогорулатууну көздөп жатышат.

Түштүк Кореянын премьер-министри менен чогуу Кыргызстанга 50дөн ашуун корея компаниясынын өкүлдөрү келишкен.

Бизнес-форум Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёнун катышуусунда өтөт.

Иш-чара КР менен Түштүк Кореянын соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий