• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Дагы бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгында төрт адам жабыркаган. Алардын баардыгы облустук ооруканага жеткирилген.

“Алардын бири жандандыруу бөүмүнөн каза болгон. Анын абалы абдан оор болчу. Экинчиси бүгүн түндө көз жумган. Алардын экөө тең 1995-жылы туулган Б.у.Б. жана К.Б., аттуу жарандар болгон. Калган экөөнү туугандары Бишкекке алып кетишкен”, - деп билдиришти ведомстводон.

Белгилей кетсек, айрым маалыматтар боюнча кырсыктан Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков – ЖКнын депутаты Алиярбек Абжалиевдин баласы жабыркаган.

Эске салсак, кырсык дем алыш күндөрү Чолпон-Атадан алыс эмес жерде катталган. BMW Х7 дана Lexus үлгүсүнөгү автоунаалар кагылышып, жеринде эки адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий