• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Mitsubishi жана Lexus унаалары сүзүштү

Кырсык 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкекте эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. “Кабар” агенттигине бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 8:00дөр чамасында орун алган.

“Mitsubishi Space Star үлгүсүндөгү унаа Жунусалиев көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, белгиге баш ийбестен, Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жаткан Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн”, - деп белгилешти Кайгуул кызматынан.

Кырсыктын кесепетинен жол тандабас оодарылып кеткен.

Белгиленгендей, эки айдоочу тең спирт ичимдигин ичкен эмес, жанында документтери болгон. Териштирүү уланууда

Пикир

Оставить комментарий