• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өткөн жылы Баткенде оң рулдуу унаалардын катышуусунда 33 жол кырсыгы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Баткен облусунда оң рулдуу унаалардын катышуусу менен үч ай ичинде төрт жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

2021-жылдын 12 айында облус аймагында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен 33 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен төрт адам каза болуп, 86 адам денелеринен ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми 2022-жылдын үч ай аралыгында оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын катышуусу менен төрт жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен үч жаран каза болуп, бирөө денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган.

“Баткендин милиция кызматкерлери Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыган оң рулдуу унаалардын айдоочулары менен тез-тезден жолугуп, жол кырсыктарын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий