• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Ош шаардык милициясынын кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Ош шаардык милициясынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинини (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында милициянын полковнини А.У.К. жана милициянын старшинасы Т.у.А. кармалды.

УКМК кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 1-апрелинен 2-апрелине караган түнү саат 03:15 чамасында А.У.К. 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңгизатын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөндүгү аныкталган. Жыйынтыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-жылы туулган Т.у.А. кармады.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.

Пикир

Оставить комментарий