• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта психикалык жактан жабыркаган адам атасын өлтүрүп салган

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.20 /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда психикалык жактан жабыркаган адам атасын өлтүрүп салган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 30-ноябрда саат 08:30да Ноокат райондук милициясына Н.Исанов айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын 31 жаштагы У.Ж. аттуу тургуну У.М. аттуу атасын кетмен менен башына чаап өлтүрүп салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча алгачкы текшерүү учурунда 31 жаштагы У.Ж. өздөрүнүн турак үйүнүн короосунда 63 жаштагы атасын кетмен менен башына уруп, мал байлоочу жип менен муунтуп өлтүрүп салгандыгы аныкталган. Окуя болгон жерде У.Ж. колдонгон кетмен жана мал байлоочу жип табылып алынган.

Маркумдун сөөгү Ноокат аймактык ооруканасынын мейитканасына жеткирилип, изилдөө жүргүзүлгөн. Сөөккө сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын башында жарылган жаракаттар, моюнунда кызарып-көгөргөн издер бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде отко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү У.Ж. жогоруда аталган даректе атасы жана апасы менен жашап жүргөндүгү жана 7-класстан бери психикалык жактан жабыркап Ош облустук ден соолукту чыңдоо борборунда даарыланып, каттоого алынгандыгы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий