• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Нарын шаарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга окуя тууралуу билдирүү 2024-жылдын 6-январында түшкөн.

Жерине ыкчам тергөө топ барып, шаардын Мырзабеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин ажатканасында адамдын сөөгү жаткандыгын аныкташкан.

Куткаруучулардын жардамы менен маркумдун сөөгү алынып чыгып, өздүгү такталган. Ал Нарын шаарынын 1970-жылы туулган С.А. аттуу тургуну болуп чыккан.

Милициянын маалыматына караганда, 2023-жылдын 12-ноябрында маркумдун дайынсыз болуп жаткандыгын айтып анын жубайы милицияга арыз менен кайрылган. Арыз ээси С.А. аттуу жолдошу 11-ноябрда болжол менен саат 15:00дө үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Кылмышка шектүү делип маркумдун уулу 1997-жылы туулган А.Ө.А. кармалган. Ал жактоочунун катышуусунда сурап берген.

Шектүү өз көрсөтмөсүндө атасы мас абалында болгондуктан өз ара уруша кетишкендигин айткан.

"Шектүү атасын эмнеге спирт ичимдигин ичесин деп түртүп жиберген. Атасы чалкасынан жыгылып, цементтин кырына тийип эсин жоготуп койгон. Шектүү атасын каза болуп калды деп ойлоп, башына желим баштыкты кийгизип, короосундагы ажатканага салып жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий