• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Бишкекте бир катар көчөлөр төрт саатка жабылат. Тизме

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Бишкекте эртең, 21-апрелде Орозо айт намазына байланыштуу бир катар көчөлөр таңы саат 05:00дөн 09:00гө чейин жабылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, төмөнкү жолдор жабылат:

- Панфилов көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
- Фрунзе көчөсү –Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин;
- Тыныстанов көчөсү – Фрунзеден Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси – Тыныстановдон Панфилов көчөсүнө чейин.

“Айт намазга келген адамдардан кооптуу заттардын жоктугу текшерүү үчүн бекеттер коюлат. Жогорудагы айтылган аймакка токтотулган унаалар эвакуацияланат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий