• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү "Жыргалаң" курортунда эс алуу борборлору пайда болот — президент

Аймак 0


Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курортунда эс алуу борборлору курулууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө эс алуу борборлору 3 жана 4 жылдыздуу болорун айтты. Аларды август-сентябрь айларында ишке берүү пландалууда.

Президент ошондой эле Караколдогу аэропорт ушул жылдын октябрында ишке берилерин кошумчалады. "Бул аэропорт эл аралык мааниге ээ болот", - деди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий