• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө окуучуларды бир катар мал уурулукка тарткан мугалим кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө окуучуларды бир катар мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-июнь күнү Ак-Суу райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар сарайынан кочкорун уурдоого аракет көргөндүгүн билдирген. Арыз ээси буга чейин 4 баш кой уурдалганын кошумчалаган.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция тарабынан мал уурулукка тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталган. Алар Отрадное айылынын 25 жаштагы Б.Б., 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. аттуу тургундары болуп чыкты. Шектүүлөр айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү алар окуган мектептин 25 жаштагы Б.Б. аттуу дене тарбия мугалими уурулукка тартканы аныкталган.

Алар уурдалган малды Түп айылынын тургунуна сатып ийишкен. Койду сатып алган адамдан 3 баш кой далил катары алынып, ал эми 12 баш кой базарга сатылып кеткени маалым болду.

Тергөө амалдары уланууда

Пикир

Оставить комментарий