• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия Чемпионатын өткөрүү пландалууда

Спорт 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. 2019-жылы Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия Чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандын курама командаларынын спортчуларын Токио шаарында өтө турган жайкы XXXII Олимпиадалык жана XVI Паралимпиадалык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Спорт түрлөрү боюнча Кыргыз курама командаларынын алдыдагы мелдештерге даярдыгынын жүрүшү тууралуу Канатбек Арпачиев маалымат берди.

Анын айтымында, лицензиялык турнирлерге даярдануу үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү спорт түрдөрү боюнча 2019-жылдын январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Ошондой эле жети Азия Чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль).

Мындан тышкары спорт түрдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командалары 36 окуу-машыгуулардан өтүштү. Лицензиялык турнирлерге даярдануу алкагында биздин курама командалар 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну пландап жатышат, деп кошумчалады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, сапаттуу даярдык көрүү максаттарында курама командалар алдынкы өлкөлөр менен биргелешкен эл аралык окуу-машыгуулар менен камсыздалышы керек. Лицензиялык турнирлерге жана окуу-машыгууларга катышуудан тышкары спортчулар фармакологияны өз убагында алуулары зарыл.

Пикир

Оставить комментарий