• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ызгаардуу суук! ӨКМ өрт коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл экенин эскертет

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Абанын температурасынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу турак жайлардагы өрттүн саны көбөйүүдө.

ӨКМ жарандарды от менен иштөөдө шалаакылыкка жол бербөөнү, от жана газ мештери менен бөлмөлөрдү жылытууда жана электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого чакырат.

Министрлик ата-энелерге бир катар эскертүүлөрдү берет:

- Балдарды кароосуз калтырбоо;

- Электр жабдууларын, газ-плиталарын жана радио-телеаппаратураларын иштеген бойдон кароосуз калтырбоо;

- Жашы жете элек балдардын газ жана электр шаймандарын колдонууга жол бербөө;

- Балдарга өз алдынча ширеңке же күйүүчү каражаттар менен ойноого жол бербөө.

“Имаратта өрт же түтүн, же кандайдыр бир жыт пайда болсо өрт күзөтүнө “101” же “112” телефону аркылуу дароо билдирүүңүз зарыл. Адамдарды эвакуациялоо жана өрттү өчүрүү боюнча колдон келген чараларды көрүңүз”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-январда Талас облусунда жылытуу системасы жарылып, келин каза болгон. Ошондой эле келиндин эки жашар уулу ысык суудан күйүк алган.

Пикир

Оставить комментарий