• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасындагы бекеттер төрт күнгө жабылат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кытай тараптын демилгеси менен “Жаз” майрамын майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” менен “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 21-24-январь аралыгында убактылуу жабык болот. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдүн өтүүсүнө 25-январдан баштап уруксат берилет.

Ал эми “Торугарт” бекети өзгөчө алгоритм менен иштөөдө: Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүк менен транспорт каражаттары өтө алат.

Пикир

Оставить комментарий