• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев зайым каражаттары боюнча карыздарды өндүрүүдө мыйзам бузуу фактылары жөнүндө маалымдаган жарандардын арыздарын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомстволор аралык комиссия министрлер кабинетинин чечимине ылайык түзүлгөн. Ошондой эле зайым алуучулардын арыздарын иликтөө боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, ведомстволор аралык комиссиянын алдына жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана зайым алуучулардын маселелерин чечүүнүн тийиштүү жолдорун табуу милдети коюлган.

Пикир

Оставить комментарий