• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан 30-марттан тартып чет мамлекеттер менен авиакаттамдарын токтотот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 29.03.20. /Кабар/. Өзбекстандын бардык аэропорттору 30-марттан 20-апрелге чейин коноравирус пандемиясынан байланыштуу чет мамлекеттер менен авиакаттамдарын токтотот. Мындай чечимди күн мурун, ишембиде коронавирустун өлкө аймагына жайылуусуна бөгөт коюу боюнча атайын республикалык комиссия чыгарды, - деп билдирет ӨРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Өзбекстан 24-марттан тартып башка өлкөлөр менен болгон транспорттук каттамдарын толугу менен токтоткон. Андан тышкары, ушул эле күнү республика ичиндеги темир жол жана авиакаттамдар да убактылуу токтотулган. Бирок жарандарды башка өлкөдөн эвакуация кылуу үчүн чартердик рейстер уюштурулуп турган.

28-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны 104 кишиге жетти.

Эске сала кетсек, аталган өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру катталгандыгы тууралуу 15-мартта белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий