• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан билим алуу үчүн кыргыз жарандарына 100 гранттык орун бөлөт

Билим 0

Бишкек, 13.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жасалган мамлекеттик иш сапарынын алкагында билим берүү жана илим жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Билим берүүнүн сапатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Улугбек Ташкенбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн негизги темасы Билим берүү документтерин таануу боюнча өкмөттөр аралык келишимди иштеп чыгуу жана кол коюу болду. Тараптар жумушчу топ түзүп, ишти баштамай болушту.

Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын жарандарына Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 100 гранттык орун берилерин билдирди.

Иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Өзбекстан Республикасынын жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов менен да жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун төмөнкү багыттарын өнүктүрүү боюнча алдын ала макулдашуулар жетишилди:

  • Чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен басылмаларды чыгаруу;
  • Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында эки өлкөнүн ЖОЖдорунда сабактарды өткөрүү үчүн жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук жамаатын тартуу;
  • Эразмус+ долбоорлоруна кыргыз жана өзбек университеттеринин биргелешип катышуусу, эки өлкөнүн ЖОЖдорунда окуган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын санын көбөйтүү;
  • Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жана чакырыктарга жогорку технологиялык чечимдерди табуу үчүн санариптик билим берүүнү башкаруу тутумун киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө А. Бейшеналиев өзбекстандык кесиптешин Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде А. Тошкулов Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө макулдугун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий