• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан Грецияга чартердик каттамдарды ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Июнь айынын башында Өзбекстандын Туризм жана спорт министрлигинин өкүлдөрү Грециянын туризм министри Харис Теоксарис менен жолугушкан.

Тараптар туризм тармагында кызматташуу жана чартердик каттамдарды жолго коюу маселелерин талкуулашкан.

Өзбекстандык делегация Грециянын Соода-өндүрүш палатасы, Туристтик агенттиктер ассоциациясы, Грек-Евразия ишкер кеңеши, Aegean Airlines авиакомпаниясы жана KAD 12 Sports Tips компаниясы менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Сапар учурунда билим берүү, илим жана маданият тармагында тажырыйба алмашуу жөнүндө документтерге да кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий