• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстан көмүскө экономиканын үлүшү боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. 2019-жылы Өзбекстандын көмүскө экономикасынын үлүшү 52,11% түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги билдирди.

Дүйнөлүк банктын эксперттеринин маалыматына караганда, Борбор Азияда көмүскө экономиканын үлүшү боюнча Өзбекстан биринчи орунда турат.

Тажикстанда бул көрсөткүч 40,76%, Казакстанда -36,65%, Кыргызстанда 30,53% түзөт.

Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда көмүскө экономика 2003-жылдан бери өсүүдө.

Эксперттердин эсебинде 2019-жылы көмүскө экономиканын жылдык зыяны 16-17 миллиард долларга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий