• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан менен Казакстан өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кызматташат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин токтому менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу тууралуу өзбек жана казак өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу бекитилди.

Документке тараптар былтыр декабрда Мирзиёевдин Казакстанга жасаган мамлекеттик сапары маалында кол коюшкан.

Макулдашууда табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, алардын кесепеттерин азайтуу боюнча өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин кыйла натыйжалуу иш алып баруусу үчүн комплекстик чаралар менен практикалык аракеттер каралган.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги былтыр декабрда тараткан билдирүүдө негизги басым чек арага жакын аймактардагы өзгөчө кырдаалдарга бурулганы белгиленген.

Мындан тышкары, макулдашууда кооптуу техногендик жана экологиялык процесстерге, жаратылыш кубулуштарына мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча өз ара үзгүлтүксүз маалымат алмашуу, табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу, маалыматтар, методикалык жана башка адабияттар, видео жана фотоматериалдар, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы технологиялар менен алмашуу каралган.

2020-жылы жазында Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычында кырсык болуп, анын кесепетинен Казакстандын Түркстан облусундагы Мактаарал районундагы калктуу конуштарды суу каптап, 30 миңден ашык киши эвакуацияланган. Суу Өзбекстан менен чектешкен беш айылдагы 845 турак жайды, ошондой эле 7 639 гектар пахта талаасын каптаган. Өзбекстан Казакстанга куткаруучулар менен техникаларды жөнөтүп, тургундарга жаңы үйлөрдү куруп берүүгө жарым-жартылай жардам көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий