• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстан өзүнүн эл аралык пахта биржасын түзүүгө ниеттенүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.12.17 /Кабар/. Өзбекстан пахта буласын электрондук түрдө сатуу боюнча атайын аянтча түзүүнү пландоодо.

Президент Шавкат Мирзиёев Долбоорлоо башкармалыгы боюнча агенттикке, Экономика министрлигине жана «Узпахтасаноатка» ишканасына 2018-жылдын 1-февралына чейин мындай аянтчаларды түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Негизги максаттардын бири – жергиликтүү пахта буласын сатуу гана эмес, башка өлкөлөрдүн, өзгөчө коңшулардын “ак алтын” сатуучуларын тартуу.

Учурда пахта буласын сатуу дүйнөдөгү бир нече ири биржалар сунуштаган баа менен жөнгө салынат. Чет өлкөгө экспорттолгон “ак алтындын” негизги бөлүгү Ташкентте өткөн Эл аралык пахта жарманкесинин неизинде жүзөгө ашууда.

Буга чейин текстиль ишканалары пахтаны ортомчулардан, анын ичинде ар кыл мамлекеттик түзүмдөрдөн эмес түзмө-түз фермерлерден сатып алары кабарланган.

Өзбекстан быйыл 2,9 миллиондон ашык тонна пахта буласын чогултту.

Пикир

Оставить комментарий