• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда автоунааларды ижарага берүү кызматы ишке кирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.02.18 /Кабар/. Өзбекстанда автоунааларды ижарага берүү кызматы ишке кирет. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитететинен билдиришти. Сыноо иретинде мындай кызматтар алгач Ташкент, Бухара, Самарканд жана Хорезм шаарларында пайда болот.

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар белгилүү бир убакытка (бир нече сааттан бир нече айга чейин) айдоочусуз берилет. Ал үчүн чет өлкөлүк туристтерден паспорттон тышкары эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк дагы талап кылынат.

Унаалар 30 күнгө чейин нотариалдык жол-жоболоштуруусуз эле ички иштер органдары тарабынан берилет.

Унааларды ижарага берүү кызматы президенттин «Ички туризмди өнүктүрүүнү тездетүү боюнча чаралар тууралуу» 3-февралдагы токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий