• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда быйыл жогорку окуу жайларына сынак тапшыруу онлайн-форматта өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Өзбекстанда быйыл жогорку окуу жайларына сынак тапшыруу онлайн-форматта өтөт.

Бул тууралуу 30-мартта президент Шавкат Мирзиёев окуу жылын сапаттуу аяктоого байланыштуу өткөн жыйын учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында билим берүү мекемелерине документтерди кабыл алууну жакшыртуу, документтерди аралыктан тапшырууга шарт түзүү зарылдыгы белгиленди. Коомчулукка жаңы жол-жоболор кийинчерээк түшүндүрүлөт.

Президент быйыл окуу жайларга тапшыруу сынактарын жөнөкөйлөштүрүүнү да талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий