• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда Чыӊгыз Айтматов мектебинде кыргыз тили күнү белгиленди

Коом 0

Ташкент, 24.09.20. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Ташкент облусунун Паркент районунда жайгашкан №33 кыргыз орто мектебинде "Кыргыз тили күнү" салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мектеп директору Кубанычбек Жаматов билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз тили күнү" жалаӊ Кыргызстан үчүн гана эмес, ошондой эле асмандагы жылдыздай болуп дүйнө жүзүнө тарап кеткен жалпы кыргыздар үчүн да өтө маанилүү, эбегейсиз зор майрам болуп эсептелет.

"Бул күнү улуттук сыймыгыбыз болгон эне тилибизди дагы бир жолу эскеребиз, нукура кыргыз экендигибизден сыймыктанабыз. Бул маареке кыргыз тилин, улуттук үрп-адаттарды, каада-салттарды сактап калууда, кыргыз элинин тарыхын үйрөнүүдө жана өсүп келе жаткан жаш муунду патриоттук рухта тарбиялоодо зор мааниге ээ. Андыктан бул майрамга окуучуларыбыз чын ыклас менен даярданышат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин атайын жарлыгы менен кыргыздын улуу жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоонун алкагында мектебибизге бул улуу инсандын бюсту коюлган. "Чыӊгыз Айтматовдун мектеби" деген наамга ээ болдук. Бул биз үчүн чоӊ сыймык, ошол эле кезде жоопкерчилик”, - деп белгиледи Жаматов.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Диларам Маматалиеванын айтымында, мектепте кыргыз тили заманбап методика менен окутулат.

"Башталгыч класстарда кыргыз тили жана адабияты предмети негизги эне тили катары жумасына 3 сааттан, ал эми жогорку класстарда 5 сааттан өтүлөт. Методикалык колдонмолар менен Өзбекстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин "Окуу методикалык борбору" камсыздайт, ошондой эле Кыргызстандагы кесиптештерибиз, агай-эжекелерибиз менен тыгыз байланыштабыз", - дейт Маматалиева.

Мааракеде мектеп окуучулары "Манас" эпосунан, кыргыздын залкар акындары жана жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөрдү, монологдорду айтышкан. Мааракеге мейман болуп келган облус, район, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп жамааты тарабынан Чыӊгыз Айтматовдун эстелигине гулчамбарлар коюлган.

Ташкент облусунун Паркент районунун "Кыргыз аул" айылында 3,5 миң киши, негизинен жергиликтүү кыргыздар жашайт. Аталган кектеп 1992-жылы ачылган. Алгачкы жылдары мектепөзбекстандык этникалык кыргыз, Социалистик Эмгектин Баатыры Азиз Токтобаевдин атын алып жүргөн. Кийинчерээк Өзбекстанда мектептерге адамдардын атын берүү токтотулган. Учурда №33 мектепте 400гө жакын окуучу билим алат.

Пикир

Оставить комментарий