• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 266 кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 05.04.20. /Кабар/. 5-апрелге карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 266 кишиге жетти. Бул тууралуу ӨРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ишемби, 4-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандар боюнча жаңы маалыматтарды таратты. Буга чейин илдет Франция (2), Түркия (45), Россия (46), Англия (5), БАЭ (2), Сауд Арабиясы (1) жана Швейцариядан (1) келген 102 жаранда табылган болчу. Ал эми 161 бейтап алар менен байланышта болуп, ооруну жуктуруп алган.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавирустан 25 адам толугу менен айыкты, ал эми илдеттен эки адам көз жумду.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда коронавирусту жуктурган биринчи учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий