• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Чыгыш-5 кичи районунда турак үйдүн 25 чарчы метр эшиги күйгөн. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры жана 300 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районунда мергенчилик чарбасынын аймагында 3 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аянты 20 чарчы метр болгон сарай толугу менен жана 0,5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий