• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокатта коронавирус жуктуруп алган деген күмөн менен милиция кызматкерин обсервацияга жаткырышты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Ноокат районунда милиция кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, андан алынган экспресс-тест оору бар экендигин көрсөткөн. "Эми ПЧР-анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Контакттык экспресс-тесттер терс жыйынтык көрсөттү", - деп билдиришти ведомстводон.

Кыргызстанда бүгүн, 5-апрелде коронавирус жуктуруп алган жаңы 3 учур катталып, жалпы ооругандардын саны 147 кишиге жетти. Тогуз адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми илдетти жуктуруп алган бир адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий