• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда эски паспорттордун мөөнөтү узартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Өзбекстан өкмөтү эски, биометрикалык эмес паспорттордун мөөнөтүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Тиешелүү токтом 30-июнда кабыл алынган.

Юстиция министрлиги Telegram-каналында билдиргендей, биометрикалык эмес паспорттор бул мөөнөткө чейин чет өлкөгө чыгуу-кирүү учурунда жарамдуу болот.

Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү 2011-жылы ноябрда башталган. Документти алмаштыруу 2015-жылы аякташы керек болчу, бирок кийин анын мөөнөтү 2018-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Өлкө ИИМи паспортун алмаштырбаган жарандар үч минималдык айлык көрсөткүчкө чейинки айыппулга жыгыларын эскерткен.

Расмий маалыматтар боюнча июнь айына карата биометрикалык паспорт алгандардын саны 21,194 миллион жаранды (94,9%) түздү.

Пикир

Оставить комментарий