• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык бийкеч Украинада өткөн эл аралык сулуулук сынагында жеңүүчү болду

Коом 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргызстандык Алтынай Абдымомунова Miss Tourism International, Ukraine, Black Sea 2018 титулунун ээси болду. Бул тууралуу “Одесская жизь” порталы билдирет.

Сулуулук сынагы “Мисс Туризм Украина - 2018” бүткүл Украиналык турнирдин алкагында Украинада өткөн.

Жеңүүчү болгон Абдымомуновага баалуу таштардан жасалган таажыны кийгизишкен.

Израилдин атынан катышкан кыз вице-мисс, ал эми "Мисс бикини" наамы Молдовадан келген катышуучуга ыйгарылды.

"Мисс Туризм Украина — 2018" улуттук сынагын Луцка шаарынан келген сулуу Влада Путава жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий