• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда кызматкерлери эмдөөдөн өткөн мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. 13-августтан баштап Өзбекстанда кызматкерлери жана имамдары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алган мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилет.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, намаз окуу үчүн мечиттерге коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификаты же QR-коду барлар гана киргизилет.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык комиссия башка конфессиялардагы диний уюмдарга да ушундай эле процедураны киргизүүгө сунуш берди.

Намаз учурунда жарандар медициналык беткап тагынып, социалдык аралыкты сакташы керек болот.

Өзбекстан мечиттеринде жума намазын окууга 20-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынын уламалар кеңеши убактылуу тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий