• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда прокурорлор жана мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери кол тийбестиктен ажыратылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Өзбекстанда мындан ары прокуророрду, мамлекеттик коопсуздук кызматкерлерин жогорку жетекчиликтин макулдугусуз административдик жоопкерчиликке тартса болот. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү Олий Мажлис Сенаты колдоду.

“Прокуратура жөнүндөгү” учурдагы мыйзамга ылайык, кызматкерлер тартип бузган учурда аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин жетекчи прокурор чечет. Документтин жаңы долбооруна ылайык, мындан ары прокурорлорду жазага тартуу үчүн жетекчинин макулдугу талап кылынбайт.

Бул арада “Мамлекеттик коопсуздук кызматы жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, атайын кызмат өкүлдөрүн МКК төрагасынын макулдугу менен жоопко тартуу жөнүндөгү норма да алынып салынды.

Сенаторлордун пикиринде, бул өзгөртүүлөр прокуратура органдарынын жана мамлекеттик коопсуздук кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатат.

Ошол эле маалда Улуттук гвардия кызмат учурундагы кол тийбестик макамын сактап калды. Кызматкерлер жетекчилик макулдук бербесе, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, кармалбайт жана камалбайт.

Сенаторлор “Улуттук гвардия жөнүндө” да мыйзам кабыл алышты. Ага ылайык, Улуттук гвардия түзмө-түз президентке баш ийет жана отчет берет. Улуттук гвардиянын жетекчиси мамлекет башчы тарабынан дайындалат жана кызматынан алынат, анын макамы министрлердики менен тең болот.

Пикир

Оставить комментарий