• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 95 миң 253 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.08.20. /Кабар/. Казакстанда бир сутка ичинде коронавирустан 540 адам айыкты. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазат.

Маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирустук инфекциядан айыккандардын жалпы саны 95 миң 253 адамга жетти.

Бир суткада Нур-Султанда 87, Алматыда 27,Шымкентте 11, Акмолада 23, Актөбеде 4, Атырауда 10, Чыгыш Казакстанда 98, Батыш Казакстанда 39, Карагандада 65, Костанайда 27, Павлодарда 28, Түндүк Казакстанда 96, Түркестанда 25 адам оорудан айыккан.

Пикир

Оставить комментарий