• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда ракты дарылоочу жабдуу бузулуп калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Ташкенттеги Республикалык адистештирилген онкология жана радиология илимий-практикалык борборундагы ракка каршы жалгыз нур терапия аппараты акыркы алты айда үчүнчү жолу иштен чыкты.

Бейтаптардын айтымында, нур терапиясын алып жүргөн оорулуулардын абалы кескин начарлады. Британиядан алынып келинген дээрлик үч миң долларлык Elekta Infinity линиялык аппараты Ташкенттеги борборго 2018-жылы орнотулган.

Борбордун башкы дарыгери Одилжон Ахмедов жабдуунун маанилүү тетиги иштен чыкканын, аны чет өлкөдөн гана сатып алуу мүмкүн экенин айтты.

«Бизде сервистик борбор жок. Эгер жабдуу бузулуп калса, анын тетиктерин четтен алып келүүгө туура келет. Ошон үчүн күтүп калабыз. Кудай буюрса, келерки аптада оңдолот», - деди Одилжон Ахмедов.

Ташкенттеги Республикалык адистештирилген онкологиялык борбор – Борбор Азиядагы алдыңкы клиникалардын бири. Бул жакка нур терапиясы үчүн Өзбекстандын булуң-бурчунан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келишет. Нур терапиясы учурунда дененин айрым бөлүгүндөгү рак клеткалары атайын жарык менен какталат. Ал өсмөнүн көп түрлөрүндө колдонулат. Дарылоодон кийин таза клеткалар калыбына келет, рак клеткалары өлөт.

Пикир

Оставить комментарий