• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда тышкы паспорт киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкө жарандары үчүн тышкы паспортторду киргизүү боюнча сунуш иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президент 11-июлда кол койгон токтомдо айтылат.

Мамлекет башчы өкмөттүн алдындагы Инсандыкты ырастоо мамлекеттик борборуна жана башка ыйгарым укуктуу органдарга бир айдын ичинде бул маселе боюнча негиздүү сунуш киргизүүнү тапшырды. Сунушта тышкы паспортту киргизүүнүн баскычтары, мөөнөттөрү, техникалык шарттары жана чыгымдары так көрсөтүлүшү керектиги айтылат.

Өлкөдөн чыгуу визасын жоюу менен ички жана тышкы паспортторду берүүнүн жаңы тартиптерин киргизүү чаралары Өзбекстандын 2017-2021-жылдардагы өнүгүү стртегиясында каралган.

Буга чейин паспорт-виза берүү жана жарандардын өлкөдөн чыгып-киришин көзөмөдөө системаларын жакшыртуу — чет өлкөлөргө чыгып жаткан жарандарга ыңгайлуулуктарды түзүп, алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону күчөтө тургандыгы айтылган. Ошондой эле бул чек араларды көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырып, туризм тармагынын өнүгүшүнө түрткү болору кабарланган.

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, жарандардын биометрикалык маалыматтарын камтыган учурдагы паспортторду деле тышкы паспорт катары кароого болот. Анткени алар мындай документтерге коюлган эл аралык талаптарга жооп берет жана өлкөнүн ичинде эле эмес, сыртында дагы жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий