• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстандын президенти Пекиндеги кышкы Олимпиаданын ачылышына катышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Шавкат Мирзиёев Пекинге Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат.

Чакырылган коноктордун арасында Россия, Кыргызстан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркмөнстан, Египет, Польша, Аргентина, Катар, Сауд Арабиясы жана Камбоджа өлкөлөрүнүн жетекчилери бар. Мындан тышкары, Пекинге БУУнун башчысы, Эл аралык Олимпиада комитетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун президенттери барат.

Кышкы Олимпиада 4-20-февраль аралыгында өтөт.

2021-жылы 6-декабрда Кошмо Штаттар Пекинде өтө турган Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган. Анда Вашингтон бул Шинжаңдагы геонцид менен байланыштуу экенин билдирген.

АКШнын демилгесин Австралия да колдогон, бирок Олимпиадага дипломатиялык байкот жарыялоого катышкан эмес.

АКШ акыркы жолу 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына байкот жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий