• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал: Бишкек комендатурасы митинг, ичимдикке жана видео тартууга тыюу салды

Коом 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын комендатурасы жолугушуу, митинг, көчө жүрүштөрү жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салды.

Комендатуранын маалыматына караганда, алкоголдук ичимдиктерди саат 18:00дөн 09:00гө чейин сатууга тыюу салынат. Эгерде аудио жана видео жабдууларын кырдаалды курчутуу үчүн колдонулса, анда ага да тыюу салынат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланары айтылган.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий