• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

КК Башкы штабынын башчысы: ӨА режими шаарда тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу максатында киргизилди

Коом 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режими киргизилди, бул аянтта турган саясий партиялардын же алардын тарапташтарын кууп салуу үчүн эмес, калаадагы тынчтыкты жана бейпилдикти камсыз кылуу максатында киргизилди. Бул тууралуу "Ала-Тоо" аянтында өткөн күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен Бишкек гарнизонунун саптык тескемесинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүндөн тарта президеттин кол койгон Жарлыгынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизилди.

"Урматтуу жоокерлер, ушундай оңой эмес кырдаалда өзүңөрдүнантыңарды бекем аткарып жатаныңарга таазим айтам. Арабызда элдик кошуундар да бар. Өз ыктыяры менен Кыргызстан үчүн келип, колуна жегенин тагынып алып арабызда турган жаш улан-кыздарга да чоң ыраазычылык билдирем. Силдердей жаштарыбыз бар үчүн Кыргызстаныбыз гүлдөйт, тынчтык биздин жерибизде ар дайым болот", - деп баса белгиледи өз сөзүндө Өмүралиев.

Пикир

Оставить комментарий